2026-жылкы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда жаңы тарыхый көрсөткүч катталды. Алгачкы жолу бир чемпиондукта дароо үч футболчу 7ден гол киргизүүгө жетишти.
Учурда Аргентинанын лидери Лионель Месси, Франциянын чабуулчусу Килиан Мбаппе жана Норвегиянын жылдызы Эрлинг Холанддын эсебинде 7ден гол бар.
Бул үч футболчу чейрек финалга чейин мыкты голдук көрсөткүчкө жетишип, турнирдин эң мыкты чабуулчулары болуп аталып турушат.