6 жаштагы Алинурга "Дюшенн булчуң дистрофиясы" деген оор диагноз коюлган. Сейрек кездешүүчү генетикалык оору убакыт өткөн сайын булчуңдарды алсыратып, кыймылды чектейт.
Алинур басып жүргөнү менен, ага тепкичтен чыгуу жана узак басуу барган сайын оор болуп жатат. Дарылоо өз убагында жүргүзүлбөсө, өз алдынча басуу мүмкүнчүлүгүн жоготуу коркунучу бар.
Ата-энесинин чоң үмүтү – убагында дарылатууга жетишүү. Ар бир жардам жана ар бир бөлүшүү Алинурдун келечеги үчүн чоң мааниге ээ. Балким, сиздин бөлүшүүңүз аркылуу Алинурга жардам бере турган адамдар табылат. Алинурга жардам көрсөтүүнү каалагандар үчүн банктык реквизиттер жана байланыш номурлары төмөндө белгиленди.