Өлкөдө этникалык кыргыздар үчүн жогорку окуу жайларда акысыз билим алууга сынак жарыяланды. Бул тууралуу Илим министрлиги билдирүү таратты.
Быйыл ЖОЖдордо этникалык кыргыздарды окутууга 75 квота бөлүнгөн.
Сынакка Тажикстан, Өзбекстан, Кытай, Түркия, Казакстан, Пакистан жана Ооганстан Ислам Эмиратынын аймагында жашаган этникалык кыргыздар катыша алышат.
Талапкерлер министрликтин
student.edu.gov.kg онлайн системасы аркылуу 1-августка чейин документтерин тапшыра алышат.