Казакстандык парфюмер Гүлжан Түзел президент Садыр Жапаров үчүн атайын автордук атыр жасап чыкканын билдирди.
Парфюмердин айтымында, атыр Кыргызстандын жаратылышынан шыктануу менен жаралган. Анын жытында Ысык-Көлдүн сергектиги, ошондой эле кыргыз жериндеги өсүмдүктөр менен гүлдөрдүн жыты камтылган.
Гүлжан Түзел Францияда парфюмерия боюнча билим алганын, ал эми апасы Кыргызстандан экенин белгилеген. Ал ошондой эле кыргызстандыктардан социалдык тармактар аркылуу колдоо көрсөтүп, бул демилгеси президентке жетишине жардам берүүнү суранган.