Биз социалдык тармакта

ЖОЖдорго кабыл алуу графиги белгилүү болду

Илим министрлиги жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен жогорку окуу жайларга абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу турларынын графигин бекитти.
Ага ылайык, кабыл алуу өнөктүгү беш тур менен өткөрүлөт.
Турлардын башталуу мөөнөттөрү:
  • биринчи тур — 13-июлдан;
  • экинчи тур — 20-июлдан;
  • үчүнчү тур — 27-июлдан;
  • төртүнчү тур — 3-августтан;
  • бешинчи тур — 10-августтан.
Ар бир турдун алкагында абитуриенттерди каттоо, окууга сунушталган талапкерлердин тизмесин жарыялоо жана алардын тандаган жогорку окуу жайында билим алууга макулдугун ырастоо этаптары жүргүзүлөт. Бешинчи тур аяктагандан кийин бош орундар калган учурда, 22-августка чейин рейтингдик тизмелердин негизинде кошумча кабыл алуу жүргүзүлөт.
Документтерди кабыл алуу жана конкурстук тандоого катышуу «Абитуриент Онлайн» платформасы аркылуу онлайн форматта жүргүзүлөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан