Ысык-Көл облусунун милициясы Бостери айылындагы эс алуу жайларынын биринде болгон скутерлердин кагылышы боюнча маалымат берди.
Ага ылайык, окуянын кесепетинен жабыркагандар болгон эмес. Текшерүүнүн жыйынтыгында гидроциклдерди ижарага берген жарандарга протокол түзүлүп, айып пул салынган.