Каракол шаарына 28 жаңы автобус тапшырылды. Алардын 10у шаар аралык, ал эми 18и шаар ичиндеги жүргүнчүлөрдү тейлейт.
Жаңы автобустар шаар тургундары үчүн ыңгайлуу жана коопсуз транспорттук кызмат көрсөтүүгө багытталган. Мындан тышкары “Yutong” компаниясы Кыргызстанга автобус сатуу менен гана чектелбестен, өлкөдө өнөр жайды өнүктүрүүнү да көздөп, бул максатта жергиликтүү “Тулпар Моторс” менен автобустарды Кыргызстанда өндүрүү боюнча келишимге кол коюшту.
Видеону толугу менен SUPER.KG порталынын Ютуб каналынан көрүңүздөр.