Ош шаарында жол оңдоо иштерине байланыштуу 2026-жылдын 7-июлунан тартып У.Рахманов жана Беш-Капа көчөлөрү автотранспорт кыймылы үчүн убактылуу жабылат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, У.Рахманов көчөсүндө узундугу 1200 метрди түзгөн төрт тилкелүү жолго асфальт төшөө иштери жүргүзүлүүдө.
Ош шаардык мэриясы шаар тургундары менен айдоочуларды жаралган убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырып, жол жүрүү багыттарын алдын ала пландап, мүмкүн болушунча альтернативдүү көчөлөрдү пайдаланууну суранды.