Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Ак-Колот айылында 150 орундуу заманбап мектептин курулушу башталат. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, анын жалпы баасы 119 миллион сомду түзөт. Бул тууралуу курулуш министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жаңы билим берүү мекемеси үч блоктон туруп, анда окуу класстары, лаборатория, китепкана, ашкана, жыйындар залы жана спорт зал жайгашат. Имараттын жалпы аянты 1085 чарчы метр болот.
Мектептин аймагында волейбол, баскетбол жана футбол ойноого ылайыкташкан ачык спорт аянтчалары да курулат.
Курулуш иштеринин жүрүшү жана сапаты Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлдөнүп жатат.