Биз социалдык тармакта

Роналду дүйнө чемпиону боло алган жок: Португалия 1/8 финалда Испанияга жеңилди

Португалиянын улуттук курама командасы 2026-жылдагы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун 1/8 финалында Испанияга 0:1 эсебинде утулуп калды.

Бул беттеште Португалиянын чабуулчусу Криштиану Роналду дагы талаага чыгып, өз карьерасында дүйнө чемпиону болуу кыялы ишке ашпай калды.

Роналду Португалиянын негизги курамасында 2003-жылдан бери ойноп келет. Анын катышуусундагы Дүйнө чемпиондуктарындагы жыйынтыктар төмөнкүчө болду:

  • 2006-жыл - Португалия жарым финалга чейин жетип, үчүнчү орун үчүн болгон беттеште жеңилип калган.
  • 2010-жыл - команда 1/8 финалда мелдештен четтеген.
  • 2014-жыл - португалиялыктар тайпалык баскычтан чыга алган эмес.
  • 2018-жыл - курама 1/8 финалда жеңилген.
  • 2022-жыл - команда чейрек финалга чейин жетип, андан ары өтө алган эмес.
  • 2026-жыл - Португалия 1/8 финалда Испанияга 0:1 эсебинде утулуп, Дүйнө чемпиондугунан кайтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан