Биз социалдык тармакта

Легенда жана жаңы жылдыз. Роналду менен Ямалдын таасирдүү кадамдары

Испаниянын улуттук курама командасынын оюнчусу Ламин Ямаль менен Португалиянын чабуулчусу Криштиану Роналду футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун 1/8 финалдык беттешинен кийин бири-бирин кучактап, жылуу маанайдагы көз ирмемди тартуулашты.

Эки команданын жолугушуусу АКШнын Техас штатындагы Арлингтон шаарында өттү. Башкы калыс болуп англиялык Энтони Тейлор тейледи.

Беттеш Испаниянын 1:0 эсебиндеги жеңиши менен аяктады. Оюндун 90+1-мүнөтүндө испаниялык жарым коргоочу Микель Мерино жеңиш алып келген жалгыз голду киргизди.

Эскерте кетсек, Португалия 1/16 финалда Хорватияны 2:1 эсебинде жеңип, кийинки баскычка өткөн. Ал эми Испания Австрияны 3:0 эсебинде ишенимдүү утуп, 1/8 финалга чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан