
ӨКМдин куткаруучулары жана Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы, кызматкерлер 6-июль күнү, Григорьевка капчыгайынын Суу-Ашуу ашуусундагы малчыларга азык-түлүк жеткиришип, алардан кабар алышты. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.
Маалым болгондой, аларга капчыгайдын Ак-Сай жайлоосунда нөшөрлүү жаандан улам сел агымы пайда болгондуктан кооптуулук бар экендигин эскертишип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
"Учурда малчылардын абалы жакшы жана азык-түлүк жетиштүү экени белгилүү болду. Ал эми жаш балдар жана аялдар, эс алуучулар Чоң-Ак-Суу дарыясындагы 5-көпүрөнү алып кеткен күнү тагыраагы 2-июлда коопсуз жайга эвакуацияланган. Григорьевка капчыгайындагы Чоң-Ак-Суу дарыясынын суусунун нугу көтөрүлгөндүктөн улам жараксыз абалга келген 5-көпүрөнү бүгүндөн тарта техникалар тартылып, калыбына келтирүү жумушу башталат",- деп билдирди ӨКМ.
Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин адистери жеринде изилдөө жүргүзүп, кырдаалга үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүүдө. Абал министр Канатбек Чыныбаевдин көзөмөлүндө экендиги маалыматта кошумчаланды.