
Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Кара-Жыгач айылында жайыт жерди мыйзамсыз пайдалануу фактысы аныкталды.
Айыл чарба министрлиги билдиргендей, жергиликтүү тургун өзүм билемдик менен 300 чарчы метр жайыт жерди сүрдүргөн. Аталган факт боюнча протокол түзүлүп, 3000 сом өлчөмүндө айып пул салынган. Мындан тышкары, келтирилген зыян үчүн 68 миң 400 сом өлчөмүндө доо эсептелген.
Учурда бузулган жайыт жерди баштапкы абалына келтирүү милдети жерди бузган жаранга жана айыл өкмөтүнө жүктөлдү.