Маалыматка ылайык, саат 01:00дөр чамасында маркум унаасын токтотуп, үйүнө багыт алган учурда кылмышкерлер өлтүрүп кетишкен. Аталган факты боюнча укук коргоо органдары тарабынан кылмыш иши козголгон. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө кылмышка шектүү деп 3 адам кармалды.
Алдын ала божомолдорго караганда алардын үчөө тең өспүрүмдөр. КРнын элчилиги иликтөө иштеринин уланышын көзөмөлдөөгө алган жана “жүк-200дү” мекенине жөнөтүүгө көмөктөшкөн. Маркум А.А.нын сөөгү 28-январда Кыргызстанга жөнөтүлдү.