Биз социалдык тармакта

Колледждерге кабыл алуу графиги бекитилди

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги орто кесиптик билим берүү уюмдарына (колледждерге) абитуриенттерди кабыл алуу графигин бекитти.
Билдирүүгө ылайык, каттоо 13-июлдан 19-августка чейин бир нече этап менен жүргүзүлөт.
Тандоо турлары:
  • I тур - 13-июлдан;
  • II тур - 20-июлдан;
  • III тур - 27-июлдан;
  • IV тур - 3-августтан;
  • V тур - 10-августта башталат.
Бош орундар калган учурда кошумча кабыл алуу 17-21-август күндөрү жүргүзүлөт.
Документтер "Абитуриент Online" автоматташтырылган маалыматтык системи аркылуу кабыл алынат. 9-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн сынак билими тууралуу документтин орточо баасына ылайык жүргүзүлсө, 11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктарынын негизинде өткөрүлөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан