Бишкек шаарында көп кабаттуу турак жай комплексинин курулушунда бетон куюучу унаа кулап кеткен. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, насостук жабдууну жылдырып жаткан учурда конструкция жылып, натыйжада техниканын тең салмактуулугу сакталбай кулап түшкөн. Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жок.
Буга байланыштуу “КФ Авангард” ЖЧКсына тиешелүү акт түзүлүп, 200 миң сом айып салынды.