Бүгүн, 7-июлда түштөн кийин жана 8-июлда абанын температурасынын жогорулашы жана жаан-чачындын кесепетинен тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн.
ӨКМден маалымдашкандай, бул күндөрү дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.
Министрлик жарандарды кооптуу аймактардан жана дарыя жээктеринен алыс жүрүүгө чакырат.