Биз социалдык тармакта

"Манас" эпосу алгачкы жолу хинди тилине которулду (видео)

Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы кызматташтык жаңы деңгээлге чыгып, "Манас" эпосу хинди тилине которулду. Бул тууралуу Манас улуттук академиясынан билдиришти.
Эпос белгилүү индиялык окумуштуулар Хем Чандра Панде жана Рамакант Двиведи тарабынан которулду. Басылма кыргыз эпикалык мурасынын толук үчилтигин – "Манас", "Семетей" жана "Сейтек" эпосторун камтыйт.
Мындан тышкары, "Манас" жана "Махабхарата" эл аралык цивилизациялык изилдөөлөр борбору да ачылган. Борбордун негизги ишмердүүлүгү - салыштырма цивилизациялык изилдөөлөрдү жүргүзүү, "Манас" жана "Махабхарата" эпосторун иликтөө жана жаш изилдөөчүлөрдү даярдоону камтыйт.
"Бул эмгек кыргыз маданий мурасын Индияда кеңири жайылтууга, эки өлкөнүн академиялык байланыштарын чыңдоого жана эпостук мурастарды изилдөө жаатындагы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт",- деп айтылат маалыматта.
"Манас" эпосу алгачкы жолу хинди тилине которулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан