Биз социалдык тармакта

Испания 16 жылдан кийин Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалына кайтып келди

Испаниянын улуттук курама командасы 2026-жылдагы Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалына чыгып, өз тарыхында бул баскычка алтынчы ирет жетти. Команда акыркы жолу мындай ийгиликке 2010-жылы жеткен.

Луис де ла Фуэнтенин жетекчилигиндеги курама 1/16 финалда Австрияны 3:0 эсебинде жеңсе, 1/8 финалда Португалияны 1:0 эсебинде утуп алды.

Эми Испания чейрек финалда Бельгия менен беттешет. Бельгия буга чейин АКШ курама командасын 4:1 эсебинде ири эсеп менен жеңип чыкты. Испания - Бельгия беттеши 10-июлда өтөт.

Белгилей кетсек, Испания үчүн 2010-жылкы Дүйнө чемпиондугу тарыхтагы эң ийгиликтүү турнир болгон. Машыктыруучу Висенте дель Боскенин жетекчилигиндеги команда чейрек финалда Парагвайды (1:0), жарым финалда Германияны (1:0) жеңип, финалда Нидерландды кошумча убакытта 1:0 эсебинде утуп, дүйнө чемпиону болгон.

Андан кийинки чемпиондуктарда Испания ийгилик жарата алган эмес. 2014-жылы тайпалык баскычтан өтпөй калган, ал эми 2018-жылы Орусияга каршы 1/8 финалда пенальти сериясында жеңилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан