15-19-июль күндөрү Венгриянын борбору Будапешт шаарында спорттук күрөш боюнча жылдын акыркы рейтингдик "Polyak Imre, Varga Janos & Kozma Istvan Memorial" эл аралык турнири өтөт.
Күрөш федерациясынын маалыматына ылайык, мелдешке Кыргызстандын атынан грек-рим күрөшү жана кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командалар катышат.
Грек-рим күрөшү боюнча өлкө намысын Жоламан Шаршенбеков, Автандил Таалайбек уулу, Раззак Бейшекеев, Алибек Бердиев, Акжол Махмудов, Асан Жанышов, Үзүр Жусупбеков, Эрлан Манатбеков жана Нурболот Токтогонов коргойт.
Ал эми кыз-келиндер күрөшү боюнча килем үстүнө Арууке Кадырбек кызы, Гүлнур Таштанбекова, Мээрим Жуманазарова, Кайыркүл Шаршебаева жана Айпери Медет кызы чыгат.