Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун финалдык беттеши чоң экрандан көрсөтүлөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.
Иш-чара 19-июлда саат 21:00дө башталат. Ал эми финалдык беттештин оюну саат 01:00дө түз эфирден көрсөтүлөт. Күйөрмандар үчүн 4 сааттык шоу-программа, фудкорт уюштурулуп, белектер ойнотулат.