Биз социалдык тармакта

Чүй жана Жалал-Абадда маркаланбаган күйүүчү-майлоочу майлар аныкталды (видео)

Чүй жана Жалал-Абад облустарында молекулярдык маркерлер менен маркаланбаган күйүүчү-майлоочу майларды ташуу жана сатуу фактылары аныкталды.
Салык кызматы маалымдагандай, Сокулук районунда күйүүчү май маркалоосу жок 60 миң 508 литр бензин ташып бара жаткан унаа аныкталган. Алдын ала эсептөөлөр боюнча мыйзамсыз жүктүн жалпы базар баасы 3,6 миллион сомдон ашат.
Ошондой эле Ноокен районундагы май куюучу жайда АИ-92 үлгүсүндөгү бензин молекулярдык маркери жок сатылып жатканы белгилүү болгон. Аныкталган күйүүчү майдын жалпы көлөмү 3,5 тоннаны түзөт.
Аталган фактылар боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, чогултулган материалдар укук коргоо органдарына жөнөтүлгөн.
Чүй жана Жалал-Абадда маркаланбаган күйүүчү-майлоочу майлар аныкталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан