"Манас" эл аралык аэропортунда "TezJet" компаниясынын кырсыктаган учагы боюнча "Кыргызстан аэропорттору" ишканасы маалымат берди.
Алдын ала маалымат боюнча, учак абага көтөрүлүү үчүн күүлөнүп жаткан учурда арткы дөңгөлөгү жарылган. Мындан кийин учак бир капталына кыйшайып, авариялык абалда токтотулду.
"Учактагы жүргүнчүлөр тез арада эвакуацияланды. Оор жаракат алгандар жок. Аэропорттун биринчи кабатында айрым жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Авариялык конуу учурунда учактан күйүүчү май төгүлгөн. Жеринде өрт болуп кетүү коркунучун алдын алуу иштери жүрүп жатат", - деп билдирди.
Окуяга байланыштуу «Манас» аэропортундагы бардык каттамдар убактылуу токтотулду. Кошумча маалымат берилет.