Биз социалдык тармакта

"Манас" аэропорту саат 22:00гө чейин жабылды. Себеби (видео)

"Манас" эл аралык аэропортунда авариялык конгон учакка байланыштуу бардык аба каттамдары убактылуу токтотулду.

"Кыргызстандын аэропорттору" ишканасынын маалыматына ылайык, кырсыкка учураган учак учурда учуп-конуу тилкесинде турат. Ошол себептен аэропорттун иши убактылуу чектелип, саат 22:00гө чейин жабылды.

Маалыматка караганда, учактан күйүүчү май төгүлгөн. Коопсуздукту камсыз кылуу максатында тиешелүү кызматтар тарабынан зарыл чаралар көрүлүүдө.

Аба каттамдарынын жанданышы кырдаалды жөнгө салуу жана учак учуп-конуу тилкесинен чыгарылгандан кийин чечилери маалыматта кошумчаланды.

"Манас" аэропорту саат 23:00гө чейин жабылды. Себеби
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан