Биз социалдык тармакта

“Манас” аэропортундагы окуядан кийин жүргүнчүлөргө ысык тамак берилди

“Манас” эл аралык аэропортунда TezJet авиакомпаниясынын учагы учууга даярданып жаткан учурда арткы дөңгөлөгү жарылып, учак бир капталына кыйшайып, авариялык түрдө токтотулду.

«Кыргызстан аэропорттору» ишканасынын маалыматына ылайык, учактагы жүргүнчүлөр тез арада эвакуацияланып, оор жаракат алгандар катталган жок. Айрым жүргүнчүлөргө аэропорттун биринчи кабатында медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Ошондой эле жүргүнчүлөр ысык тамак менен камсыздалды.

Авариялык токтотуу учурунда учактан күйүүчү май төгүлгөндүктөн, өрт коркунучун алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө.

Окуяга байланыштуу “Манас” эл аралык аэропортундагы бардык каттамдар убактылуу токтотулду. Кошумча маалымат кийинчерээк берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан