Биз социалдык тармакта

Кызсайкал Кабылова: “Үй-бүлөбүз турак жайынан ажырап калышы мүмкүн”

Кыргыз эстрада ырчысы Кызсайкал Кабылова үй-бүлөсү Бишкектеги үйүнөн ажырап калышы мүмкүн экенин билдирди.

Анын айтымында, болжол менен 30 жыл мурун ата-энеси үйдү ишеним каттын негизинде бир аялдан сатып алышкан. Ошондон бери бул жерге жаңы турак жай куруп, үй-бүлөсү ошол жерде жашап келген.

Бирок 30 жылдан кийин сатуучунун эжеси аталган жер тилкеси өзүнө таандык экенин айтып, сотко кайрылып, аймакты бошотууну талап кылган. Кабылованын айтымында, сот алардын үй-бүлөсү курган турак жайды бузуу тууралуу да чечим чыгарган.

Ырчы бул чечимди адилетсиз деп эсептеп, болгон окуя тууралуу социалдык тармактарда билдирди.

Учурда жаңжалдын экинчи тарабы бул маселе боюнча расмий комментарий бере элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан