Таиландда өткөн 20 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпиондугунда кыргызстандык балбандар 11 медаль алышты.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалыматы боюнча, турнир 27-июндан 5-июлга чейин Паттайа шаарында өткөн.
Алтын медаль ээлери:
- Айхам Абдирасулов – 60 килограмм салмак чени (грек-рим күрөшү);
- Иса Шавхатбеков – 65 килограмм (эркин күрөш);
- Ырысбек Хамдамов – 72 килограмм (грек-рим күрөшү);
- Муслим Мамыров – 82 килограмм (грек-рим күрөшү).
Күмүш медаль ээси:
- Мырзакадыр Кулмаматов – 67 килограм (грек-рим күрөшү).
Коло медаль ээлери:
- Айдеми Асангазиева – 53 килограмм (кыз-келиндер күрөшү);
- Асель Жапарова – 65 килограмм (кыз-келиндер күрөшү);
- Адиль Табылдиев – 70 килограмм (эркин күрөш);
- Эржан Акылбек уулу – 77 килограмм (грек-рим күрөшү);
- Раатбек Пайазбеков – 82 килограмм (грек-рим күрөшү);
- Алишер Өскөнбаев – 130 килограмм (грек-рим күрөшү).