Кар көчкүдө калгандардын баарынын сөөгү табылды

Жалал-Абаддын Аксы районунда кар көчкү астында калгандардын баарынын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдишарип Бекилов SUPER.KG порталына билдирди. Маалыматка ылайык, куткаруучулар бүгүн саат 18:25тер чамасында 5-адамдын сөөгүн табышкан.  
Кашка-Суу айыл аймагында 27-январда Жайык айылынын 5 тургуну ат менен мал издегени чыгып,  дайынсыз жоголгон болчу. Алардын изи айылдан 25-30 чакырым алыстыкта жайгашкан Тас-Бел жайлоосуна келип токтогон. 
Жоголгон кишилер жана алардын аттары 29-январда белгилүү болгон. 
Кырсыктан каза тапкандар:
1. Айталиев Таалай Тургунбекович, 1975-жылы туулган;
2. Шатманов Мирлан Мамадалиевич, 1977-жылы туулган;
3. Кокоев Эрнис Жанышбекович, 1978-жылы туулган;
4. Шерматов Мирлан Эрматович, 1981-жылы туулган;
5. Апсалбек уулу Мунарбек, 1993-жылы туулган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
bomba
2014-01-29 20:12:25
Болуп турган кыргыздын кыр мурут жигиттеринин коп кетип жатышы кандай окунучтуу. Россиядан канчасы олуп келип жатышат, автокырсыктар, службадагы олтуруулор, деги койчу жакында эркектердин дефицитти даана байкалаар бекен
+6
Lumia-800
2014-01-29 20:26:32
Жайлары жаннаттан болсун! Кырсык, ажал ушундайда.
+4
Nursssss
2014-01-29 20:43:29
Жайынар жанаттан болсун !!! Бироосу менин байкем болчу,акыркы Болуп табылыптыр,ажал келсе эч нерсеге карабайт экенда
+3
AZAMAT555
2014-01-29 20:55:56
Жайлары жаннаттан болсун.
+3
tasnim
2014-01-29 20:56:38
жайлары жаннатан болсун!
+3
Ulibem
2014-01-29 20:59:38
Жайлары жаннаттан болсун!жакындары кайрат кылышсын!
Жоо кырсык айтып келбесе айла жок экенда!
ушундай кар кочкулор болчу жерлерди алдын ала козомолдоп коюшса!
+1
aziatka0225
2014-01-29 21:15:40
Жайы жанаттан болсун!
+1
infiniti
2014-01-29 21:38:55
Жаман иш болуптур. Бейиштери болсун.
0
sterva
2014-01-29 21:41:13
Иий 93 жылкы бала ((((баарыле жаш экен . окунучтуу. Жандары бейиштен орун алсын!
+1
dikeii
2014-01-29 22:16:04
менин ттанышым да каза болуптур ачбай жакшы байке эле. жайы жаннаттан болсун.
0
Nelli85
2014-01-29 22:52:24
Жаткан жерлери жайлуу болсун......
0
kyrgyzstan13
2014-01-30 01:37:37
Жайынарды жаннатан берсин.
0
aikomir
2014-01-30 01:50:53
ииий кудай ай! мындай кырсыктардан алыс кылсын!
Жаткан жери жайлуу болуп, аллах таалам билип-билбей кетирген куноолорун кечирсин!!((((
0
GULZAT82
2014-01-30 11:55:30
жаман окуя болуптур. Жаткан жеринер жайлуу,топурагынар торко болсун.
0
anara-anara
2014-01-30 13:36:45
Жаткан жери жайлуу болушсун .мал деп журуп оз омурубузду да ойлобой кетебиз жакындарына терен кайгыруу мн конул айтабыз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан