Бүгүн, 8-июлда "Манас" аэропорту ишин жандантканы менен авиакомпаниялар өз аба каттамдарын түштөн кийинки убакка жылдырышты. Андыктан алгачкы учактар түштөн кийин учуп жана жана конуп баштайт.
"Авиакомпаниялар аэропорт менен макулдашуу аркылуу өз алдынча чечим кабыл алышат. Айрымдары каттамдарын саат 14:00гө, башкалары саат 16:00гө жылдырышты. Бирок бүгүн түнкү саат 00:00гө чейин убактылуу жылдырылган бардык каттамдар аткарылып бүтөт. Ал эми 9-июлдан тартып каттамдардын кадимки графиги толугу менен калыбына келет",- деп билдиришти аэропорттон.

Ал эми кечээ аткарылбай калган калган каттамдын жүргүнчүлөрүнө тамак берилип, андан кийин үйлөрүнө жөнөтүлдү. Компенсация маселесин жүргүнчүлөр авиакомпаниялар менен жеке чечишип алуусу кажет экендиги маалыматта кошумчаланды.
Башка жакка багытталган каттамдар:
Жокко чыгарылган каттамдар:
Жылдырылган каттамдар:
Окуянын жагдайы кандай болду?
Кечээ, 7-июлда Бишкек-Ош багыты боюнча жөнөгөн "Тез Жет" компаниясынын учагынын арткы дөңгөлөгү жарылып, учак "Манас" аэропортунун учуп-конуу тилкесинде калып кетти. Мындан улам аба каттамдары жылдырып, бүгүн, 8-июлда саат 9:00дө гана аба майданы ишке берилди.

Аэропорттун жабылышынын негизги себеби учактын учуп-конуу тилкесине токтоп калышы жана учактан тилкеге аккан күйүүчү май болду. Учурда учак тилкеден жылдырылып, жолду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Бортто жалпы 187 жүргүнчү болгон. Алардын 181и жүргүнчү, экөө учкуч, төртөө борт коштоочу.