Эртең, 9-июлда Бишкектин айрым аймактарында саат 09:00дөн 03:00гө чейин таза суу берилбейт. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.
Өчүрүлө турган аймактар: Алма-Ата көчөсү, Чыгыш-5 кичи району, Абдрахманов көчөсү, Элебесов көчөсүнөн Аул көчөсүнө чейин, Алма-Ата көчөсү, ЧЧК, Бакай-Ата көчөсү, Лебединовка айылы - Киров көчөсү боюнча ЧЧКдан Калинин көчөсүнө чейин, Луганская көчөсү, Лермонтов көчөсү, Шабдан Баатыр көчөсү, Мадина базары, Алма-Ата көчөсү.