Биз социалдык тармакта

Кыргызстандык кыздар чет өлкөлүктөргө көп турмушка чыгышабы?

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев нике тууралуу "Кызмат" мамлекеттик агенттигинен кенен маалымат алганын билдирди.

Анын соцтармактагы баракчасына жазганы боюнча, статистика 2022-жылдан 2026-жылдын биринчи чейрегине чейинки мезгилди камтыйт. Өлкөдө 2022-жылы 45 миң 605 нике, 2023-жылы 43 миң 574 нике, 2024-жылы 44 миң 984, 2025-жылы 42 миң 714 нике катталса, 2026-жылдын үч айында 18 миң 869 нике катталган.

Ал эми кыргызстандык кыздардын чет өлкөлүк жарандарга турмушка чыкканы боюнча статистикага көңүл бурсак, анда үч өлкөнүн жарандары сап башында турат.

  • Орусия - 1493 нике;
  • Түркия - 610 нике;
  • Өзбекстан - 425 нике.

Ал эми ушул аралыкта 85 кыргызстандык кыз Кытай жарандарына турмушка чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан