Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Алайкуу айылында селдин кесепеттерин жоюу иштери менен жеринен таанышты.
Министрликтен маалымдашкандай, ал селден жабыркаган аймактарды кыдырып, жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрүнө селден кийинки калыбына келтирүү иштерин ыкчам жана сапаттуу жүргүзүү боюнча бир катар тапшырмаларды берген.
Буга чейин 2-июлда Терек айылында 50 турак жай, ал эми Кан-Коргон айылында 11 турак жай жабыркаганы аныкталган. Учурда калыбына келтирүү иштерине ӨКМден 4 атайын инженердик техника тартылган.