Социалдык тармактарда жарыяланган мыйзамсыз төгүлгөн таштандылар боюнча Ысык-Ата районунун Нурманбетов айыл өкмөтүнө чара көрүлдү.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдиргендей, аныкталган факт боюнча аталган айыл өкмөткө 17 миң сом айып пул салынган. Учурда аймакты таштандылардан тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат.