Бишкек шаарында эттин баасын турукташтыруу максатында Чүй облусунда ири көлөмдөгү бодо мал бордоп семиртүүчү чарбаларды уюштуруу долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматта белгиленгендей, долбоор министрликтин өз каражаттарынын эсебинен каржыланат. Баштапкы этапта бордоого 2500 баш бодо мал киргизилет. Долбоор этап-этабы менен кеңейтилип, жакынкы эки жылдын ичинде бордоп семиртилүүчү бодо малдын саны 20 миң башка жеткирилет.