Эрмек Нурбаев: “Пилге минип Каныкей менен жарышкым келип жатат” ("Супер-Инфодон" жолдомо алгандар Шри-Ланка аралына жөнөп кетишти)

«Супер-Инфо» көп жылдан бери жемиштүү кызматташып келе жаткан ырчы Каныкейге, рэпер Добрга, чечендикте алдына киши салбаган алып баруучу Нурзат Токтосуновага жана «Тамашоу» долбоорунун түзүүчүсү, алып баруучу Эрмек Нурбаевге гезиттин атынан кыштын ызгаардуу суугунда экзотикалык ысык өлкөлөрдүн биринде эс алууга жолдомо бергенБүгүн, 30-январда мына ушул жылдыздар "Супер сулуу-2013" сынагынын жеңүүчүсү Орункүл Шабралиева менен чогуу Инд океанындагы Цейлон (азыркы Шри-Ланка) аралына эс алууга жөнөп кетишти. 

Эрмек Нурбаев сапар алдында: “Даярдык жакшы, маанай жакшы. Бара турган жерибиз тууралуу күн мурунтан маалымат алганбыз. Мен биринчи кезекте пилге минип Каныкей (ред. ырчы Каныкей) менен жарышкым келип жатат”,- дейт күлүп.

 

Алып баруучу Нурзат Токтосунованы узатканы өзүнүн окуучулары жана күйөрмандары да келишти. “Окуучуларым канчада кетерибизди толкундануу менен сурап жатышкан. Таңкы саат 06:00 кетебиз дегенимди угуп, узатуу үчүн келишкенине сүйүндүм. Шри-Ланка тууралуу интернеттен карап, бир аз маалымат алдым. Жолдомо бербесе деле жашай бермекпиз. Жашообуздагы жагымдуу көз ирмемдерди жаратууга көмөктөшкөн гезиттин эмгек жамаатына ыраазымын”,- деди Нурзат Токтосунова.

Кыргызстанда өтө сейрек өнөрдү аркалап жүргөн рэп ырчысы Добр: “Мен эс алуу үчүн Ысык-Көлдөн ары чыга элек болчумун. Толкундануу сезимдери жок эмес. “Эч нерсе унуткан жокмунбу? Дагы эмне алат элем?..” деп шашып келдим. Шри-Ланка тууралуу кенен маалымат алдым. Буюрса, сонун эс алып келебиз”,- деп кубанычы менен тең бөлүштү.

 

Ырчы Каныкей АКШнын штаттарынан эс алуудан келип, кайра экзотикалык өлкөгө бара жатканына кубанычта экенин белгилеп өттү. “Мага эс алып келүүгө жолдомо бергендиктен, убакытты жакшы маанайда өткөрүп келсем деп жатам. “Супер-Инфо” гезитине ыраазычылык билдирем. Шри-Ланкага барарыбызды укканда көз алдыма дароо эле Мальдив аралдары тартылды. Себеби бул арал Шри-Ланкага жакын эмеспи. Мальдив аралдары тарапка бара жатканыбыз өзүнчө кубанычты, толкунданууну жаратат”,- деди Каныкей.

"Супер сулуу-2013" сынагынын жеңүүчүсү Орункүл Шабралиева: “Биринчи жолу чет өлкөгө чыгып жатам. Толкундануу болуп жатат, албетте. “Супер концерт аяктап, жолдомонун ээси болгондон тарта эле толкунданып баштагам. Биз бара турган Шри-Ланка тууралуу маалыматты интернет аркылуу алдым. Жакшы жер экен. Жакшы компаниянын курамында баратам. Биз биринчи жолукканда эле өтө көңүлдүү отурдук. Демек, көңүлдүү барып келерибизге ишене берсе болот”,- деп кубанычын жашырган жок.

Жылдыздар жана "Супер сулуу" Орункүл менен бирге эс алууга редакциянын атынан “Супер-Инфонун” президенти Шаиста Шатманова, кабарчы Сүйүн Кулматова жана SUPER.KG порталынын оператору Кайрат Сарбагышов кетишти .

“Супер-Инфонун” президенти Шаиста Шатманова экзотикалык өлкөгө баруу өзү үчүн да күтүүсүз болгонун белгилеп өттү. “Буга чейин жумуш менен алек болуп жүрүп толкунданууну байкаган жокмун. Кечинде даярданып жатканда, бүгүн эртең менен узатканы келгендерди көрүп, толкундануу, кубаныч байкала баштады. Шри-Ланканы укканда алгач чай плантациясы көз алдыма түштү. СССР учурунда Цейлон чайлары деп аябай баалачубуз. Албетте, эс алып, сууда сүзүп, жашообуздагы жаңы баракты жаңы дем менен ачып келебиз деген ойдомун”,- деди Шаиста Шатманова.

“Биз бара турган өлкө баалуу таштардын мекени деп айтылат экен" деген “Супер-Инфо” гезитинин кабарчысы Сүйүн Кулматова эки жума мурун даярданып алганын айтты. “Биринчи жолу чет өлкөгө бара жатканыма, учакка биринчи жолу чыгып жатканыма толкунданып сүйүнүшүм керек, бирок өтө толкундануудамын деп айта албайм. Балким, эки жума мурун даярданып алганымдан улам ушундай болуп жатса керек. Шри-Ланка тууралуу интернеттен карап, кызыктуу маалыматтарды чогулттум. Баалуу таштар өзгөчө кызыгуу жаратты. Эл, жер көрүп, каада-салты менен таанышып, буюрса, эргүү алып келем деген ойдомун”,- деди Сүйүн Кулматова.

SUPER.KG порталынын оператору Кайрат Сарбагышов: “2 жума мурун экзотикалык өлкөгө барарымды уктум. Мен үчүн күтүүсүз болду. Аябай кубанычтамын. Ырчылар жана кесиптештерим менен чогуу эс алып, биз көргөн кызыктардын баарын видеого тартып, SUPER.KG порталынын колдонуучуларына Шри-Ланка тууралуу эксклюзивдүү видеоматериалдарды даярдап келмекчибиз. Негизи эле эс алып келүүгө татыктуу эле болдум деп ойлойм. Албетте, эмгекти баалаган жетекчиликке ыраазычылык билдирем”.

 

"Супер-Инфодон" экзотикалык өлкөгө жолдомо алгандар Шри-Ланкага аттанышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (53)
rozaida
2014-02-01 01:05:22
Супер эн мыкты иш чара деп эсептейм 100%
Ал эми мындай иштерди мамлекетик денгелде да эч ким алып барбайт. Ошол себептен Кылыч мырза сиз чыныгы жетекчилерденсиз, ал эми суперде эн мыкты кабарчылар иштешет. Алга супер.
0
LadyD
2014-02-01 01:27:32
Супер-инфо, гезитти окуган карапайым элдердин арасыннан да бир конкурс кылып, бизди да чет олкого жибербейсинерби? бул жылдыздарыбыздын колдорунда деле барго чет олкого мындай деле барып келишет, а бизге болсо ото эле чоооон белек болмок
+6
kuba01
2014-02-01 02:33:40
соонун жер болуш керек е..Ак жол!
0
aszyma
2014-02-01 05:27:37
Сапарынар байсалдуу болсун! Ак жол!!! эсен-аман барып келгиле.
Кандай жакшы чет олкого эс алууга баруу!
0
Sharipa-asia
2014-02-01 11:05:33
Аман барып келгиле, бул да болсо силердин эмгегинердин жениши эмеспи.Ак жол каалайм
0
rdujshen
2014-02-01 12:38:43
Жакшы эс алып келгиле ийгилик!
0
aijan.ai90
2014-02-01 20:17:17
силерди коруп менда кубанып отурамын ак жол сиздерге,super.kg алгаааа!!!
0
kyrgyzstan13
2014-02-01 20:27:32
Ийгилик сиздерге Юрий Гагариндер
0
Anqelina2
2014-02-02 02:54:56
Аллах ак жол берип, конулдуу эс алып келиниздер. Силерди коруп биз да аябай суйундук. Ииий Орункул аябай чон сумка алып алыптыр да, чет жака чыкканда сумканын кичирээги эле жакшкшы, интересно эмне салып толтурду экен анын ичин.Бирок азамат, татына кыз.
0
Sezy
2014-02-02 11:05:38
Anqelina2,
Men da oilop koidum ele sumkasy abdan chon eken dep. Kyiymge tolturdu da kynyno 5-6 joly almashtyram depchi.
+1
zamir_kgz
2014-02-02 14:05:17
Каныкей менен Кайрат экзоткалык , ал эми калгандары экзотикалык жерге кетишиптир да?
0
nazis
2014-02-02 18:10:08
супер сулуу эжелер деген конкурс уюштуруп койгулааачы 30-40жаш деп
0
milka
2014-02-02 20:18:55
Орункул чемоданын аябай еле кармалаптырго:-) :-)
+1
baibai71
2014-02-03 09:14:38
Откондо эле Каныкей менен откондо эле жарышам деген го,дагы да жарыша элекби пил менен?жакшы эс алып келгиле,если что ал жакта жардам керек болсо Жаныш Бакиев бар.
+1
Tariell
2014-02-03 10:41:19
Пил менен жарышалбай калсада Бакиев куноолу болсо керек анда
+1
Asus84
2014-02-03 09:25:09
пил кымбат болуп жоо жарышып жатканго сурот жок хааа
0
urmatm
2014-02-03 21:49:23
lady d жакшы идея экен мага жакты,кана эле ошондой кылса
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан