Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 9-июлдан 13-июлга чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында сел жүрүү жана суу ташкыны коркунучу бар экенин эскертти.
Маалыматка ылайык, абанын температурасынын жогорулашы жана күтүлүп жаткан жаан-чачындар тоолуу райондордо кооптуу гидрологиялык кырдаалга алып келиши мүмкүн.
Жарандарга дарыяларда, сайларда жана сел жүрүшү мүмкүн болгон аймактарга жакын жерлерде этият болуу, коопсуздук чараларын сактоо сунушталат.