Биз социалдык тармакта

Өзбекстан Кыргызстанга күйүүчү май сатууга макулдук бергени айтылды

Кыргызстан күйүүчү-майлоочу май импорттоо боюнча Өзбекстан жана Казакстан менен жүргүзүп жаткан сүйлөшүүлөрдүн алкагында жооп алды. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда энергетика министри Алтынбек Рысбеков журналисттер менен жолугушууда билдирди.

Министрдин айтымында, Өзбекстан Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу май жеткирүү боюнча макулдук берген. Ал эми Казакстандын жообу азырынча күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин министрлик күйүүчү май боюнча Орусия, Беларус, Азербайжан, Кытай, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана башка өлкөлөр менен сүйлөшүүлөр болуп жатканын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан