Соң-Көл көлүнөн жалпы узундугу 37 миң метрди түзгөн торлор чыгарылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, көлдүн акваториясында мыйзамсыз коюлган синтетикалык балык уулоочу торлорду аныктоо жана тазалоо иштери жүргүзүлгөн. Аталган иш-чаралар Соң-Көлдүн экологиялык абалын жакшыртууга, биологиялык ресурстарын коргоого жана көлдүн мелиоративдик абалын калыбына келтирүүгө багытталган.