Ысык-Көл облусундагы бир катар эс алуу жайларында пландан тышкаркы текшерүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш министрлиги билдирди.
Маалыматта белгиленгендей, аныкталган мыйзам бузуулар боюнча 54 административдик протокол түзүлүп, жалпы 767 миң сом айып пул салынган. Мыйзам бузууларды ыкчам түрдө жоюу милдеттенмелери берилген.