Кыргызстан быйыл 4,1 миллиард киловатт-саат электр энергиясын импорттоону пландап жатат. Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рысбеков журналисттерге билдирди.
Айтымында, өлкөдө электр энергиясын өз алдынча өндүрүү 15 миллиард киловатт-сааттан аз, ал эми керектөө көлөмү 19 миллиард киловатт-саатка жакын.
"Жетишпеген көлөмдү толуктоо үчүн Өзбекстан, Түркмөнстан, Казакстан, Орусия менен электр энергиясын жеткирүү боюнча келишимдер түзүлгөн",- деди министр.
Видео: Спутник