Ош шаарындагы Манас-Ата муниципалдык аймагында 120 орундуу жаңы бала бакчанын курулушуна старт берилип, пайдубалына мезгил кутусу салынды.
Мэрия билдиргендей, эки кабаттуу имаратта ашкана, жыйындар залы, медициналык жана уктоочу бөлмөлөр болот.
Мезгил кутусун салган мэр Жанар Акаев шаарда жүргүзүлүп жаткан иштердин арасынан башкы артыкчылык балдарда экенин билдирип, жакында балдар автобусу ишке кирерин, ушул тапта калаада балдар бакчалары оңдолуп, айрымдары жаңыдан салынып жатканын айтты.