Америкалык блогер Стивен Делеонардис (Stevewilldoit) футбол боюнча 1/16 финал алдында Мексика курамасынын ар бир оюнчусуна 90 миң доллар турган Rolex сааттарын тартуулаган. Ал бир кезде Мексикада жашаган.
Бирок кийин ФИФАнын Этика кодексине байланыштуу кооптонуулар пайда болгон. Шектенүүдөн алыс болуу үчүн мексикалык оюнчулар сааттарды блогерге кайтарып берүүнү чечишкен.
Расмий билдирүүдө бул өз ара макулдашуу менен жасалганы, ал эми белек Делеонардистин жеке демилгеси болгону айтылат.