Биз социалдык тармакта

Болотбек Ашыралиев Азия чемпиондугунун байге ээлерин кабыл алды

Бүгүн, 8-июлда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Болотбек Ашыралиев 20 жаш курактагы балбандар арасында өткөн Азия чемпиондугунун эркин күрөш боюнча байгелүү орун ээлери менен жолугушту. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти.

Маалыматка ылайык, чемпиондук 2026-жылдын 27-июнунан 5-июлуна чейин Таиланддын Паттайа шаарында өткөн.

Кыргызстандын натыйжалары:

Иса Исаков (65) - алтын медаль;
Адил Табылдиев (70) - коло медаль.

Жолугушууда Болотбек Ашыралиев спортчуларды жана машыктыруучуларды куттуктап, алдыдагы эл аралык мелдештерде мындан да жогорку жыйынтыктарга жетүүнүн жолдорун талкуулады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан