Биз социалдык тармакта

Түштүк-Батыш кол башчылыгында аба-десанттык даярдык боюнча машыгуу өттү (видео)

29-июндан 8-июлга чейин 52870 аскер бөлүгүнүн базасында Түштүк-Батыш оперативдик кол башчылыгына караштуу аскер кызматчылары үчүн аба-десанттык даярдык боюнча окуу-машыгуу жыйыны өткөрүлдү.

Коргоо министрлигинен билдиргендей, анын жүрүшүндө жоокерлер теориялык жана практикалык даярдыктан өтүп, жыйынтыктоочу этапта 800 метр бийиктиктен парашют менен ийгиликтүү секиришти.

Иш-чарага коргоо министринин орун басары Алмазбек Кулмурзаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана аскер кызматчылары катышты.

Аба-десанттык даярдык боюнча машыгуу өттү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан