Япония курамасынын футболчусу Токиодо унаасы менен аялды сүзүп алгандыгы айтылууда
Англиянын "Брайтон" футбол клубунун жана Япония курамасынын оюнчусу Каору Митома Токиодо жол кырсыгына кабылды.
Чет элдик басылмалар билдиргендей, окуя бүгүн, 8-июлда Итабаси районунда болду. Футболчунун башкаруусундагы унаа велосипед тээп бара жаткан аял менен сүзүшкөн. Алдын ала маалымат боюнча, Митома жөө адамдар өтүүчү светофордун жашыл жарыгына алаксып, унаалар үчүн кызыл жарыкта өтүп кеткен.
Кырсыктын кесепетинен велосипедчен аял жеңил жаракат алган. Учурда полиция окуянын бардык жагдайларын иликтеп, күбөлөрдөн маалымат чогултуп жатканы кошумчаланды.