Биз социалдык тармакта

Футбол-2026: Норвегия - Англия беттеши аба ырайынан улам жылдырылышы мүмкүн

Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалында өтө турган Норвегия менен Англиянын беттеши аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу башка убакытка жылдырылышы мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары билдиришүүдө.

Беттеш 12-июлда АКШнын Майами шаарындагы "Хард Рок" стадионунда өтмөкчү. Бирок синоптиктер бул күндөрү абанын температурасы 34 градуска чейин көтөрүлүп, күн күркүрөп жаан жаашы мүмкүн экенин билдиришүүдө. Жогорку нымдуулуктан улам сезилген температура болжол менен 43 градуска жетери күтүлүүдө.

2026-жылдагы Дүйнө чемпиондугу АКШ, Мексика жана Канадада өтүп жатат. Турнир 19-июлда жыйынтыкталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан