АКШнын Нью-Йорк шаарында LEGO бөлүктөрүнөн курулган бийиктиги 8,47 метрлик Дүйнө чемпиондугунун кубогунун айкели орнотулду. Аны жасоого жалпы 1 миллион 363 миң 402 LEGO бөлүгү колдонулган.
Инсталляциянын жанында Лионель Месси, Криштиану Роналду, Килиан Мбаппе жана Винисиустун LEGO айкелдери да коюлган. Долбоорду ишке ашырууга 59 адистен турган команда 7040 саат эмгек жумшаган. Алп кубоктун жалпы салмагы 4,2 тоннаны түзөт.