Биз социалдык тармакта

Кыргызстандагы эң узун туннель ишке кирди (видео)

Түндүк-Түштүк альтернативдүү унаа жолунда жайгашкан "Көк-Арт" төлөм алуу пункту ишке кирди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, төлөм накталай эмес тартипте гана жүргүзүлөт. Айдоочулар төлөмдү QR-код, банктык карта жана башка электрондук төлөм каражаттары аркылуу жүргүзө алышат.
  • М1 категориясы (жеңил унаалар) – 100 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик автоунаалар үчүн 200 сом.
  • М2 категориясы (5 тоннага чейинки кичи автобустар) – 250 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 1000 сом.
  • N2/Т5 категориясы (3,5 тоннага чейинки жүк ташуучу унаалар жана тракторлор) – 250 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 1000 сом.
  • М3/N2 категориясы (автобустар жана 3,5-12 тонна жүк ташуучу унаалар) – 500 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 1500 сом.
  • N3 категориясы (12 тоннадан жогору жүк ташуучу унаалар) – 700 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 3000 сом.
  • N3O3, Т4/2, N3O4 категориялары (чиркегичтүү жана ири оор жүк ташуучу унаалар) – 1000 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 5000 сом.
Министрлик "Көк-Арт" Кыргызстандагы эң узун автомобиль туннели экенин, анын узундугу 3 чакырым 890 метрди түзөрүн кошумчалады.
Кыргызстандагы эң узун туннел ишке кирди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан