Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Орловка шаарындагы лыжа базасында асма жол токтоп, адамдар түшө албай калышкан.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги маалымдагандай, текшерүүнүн жыйынтыгында электр энергиясы өчкөн учурда резервдик дизелдик генератор ишке киргенге чейин асма жолдун иши убактылуу токтотулганы аныкталган.
Аталган факт боюнча "Энтузиаст" ЖЧКсына 20 миң сом айып пул салынып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.