Агартуу министрлиги мектеп окуучусу сабалды деген маалыматты тастыктады.
Маалыматта белгиленгендей, окуя быйыл 29-майда Жети-Өгүз районундагы жеке менчик "Кут Билим" окуу-тарбия комплексинде болгон. Факт боюнча Ички иштер министрлиги тарабынан териштирүү иштери жүрүп жатат. Ошондой эле окуучулардын ата-энелери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Окуядан кийин мурдагы директор кызматынан бошотулуп, билим берүү уюмуна жаңы директор дайындалган.
Буга чейин соцтармактарда бир окуучу башка окуучу баланы уруп жатканы тартылган видео тараган.